Дмитрий Песков дан ташуу келишимине байланыштуу баа берди

Президент Эрдогандын Россиянын президенти Владимир Путин менен эртең Сочиде өткөрө турган жолугушуусуна баа берген Песков эки лидердин эгин ташуу темасында кеңешүүсү күтүлгөнүн айтты.

1863860
Дмитрий Песков дан ташуу келишимине байланыштуу баа берди

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков : “Украина портторунда чогулган дандардын экспорттолушун колдоо үчүн курулган бул механизм бир жолку эле процессти камтыбайт. Ошол эле эффктивдүүлүк менен иштейт деп үмүттөнөбүз”,- деди.

Кремлдин катчысы Дмитрий Песков борбор шаар Москвада жасаган билдирүүсүндө Түркия, Украина, Россия жана БУУнун арасында 22 -  июлда кол коюлган дан ташуу келишимине байланыштуу баа берди.

БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерриштин келишимдин түзүлүшүндө оң роль ойногондугун баса белгилеген Песков : “Келишим эң татаал маселелерди бардык тараптардын кызыкчылыктарын эске алуу менен чечүүнүн жакшы мисалы болуп саналат. Албетте, Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдогандын жеке өзү чоң салым кошконун белгилей кетүү керек. Бул келишим аны кантип сүйлөшүүгө болорун көрсөткөн мисал”,- деди.  

Песков келишимдин бир жолку процессти камтыбай турганын айтып : «Украина портторунда топтолгон дандын экспортун колдоо үчүн түзүлгөн бул механизм бир жолку процессти камтыбайт. Ошол эле эффективдүүлүк менен иштей деп үмүттөнөбүз»,- деди.

Президент Эрдогандын Россиянын президенти Владимир Путин менен эртең Сочиде өткөрө турган жолугушуусуна баа берген Песков эки лидердин эгин ташуу темасында кеңешүүсү күтүлгөнүн айтты.

Жолугушууда Сирия жана Украинадагы абалдардын да каралышы пландалганын белгилеген Песков эртеңки жолугушууда Карабахтагы акыркы абалдардын да талкууланышы мүмкүн экенин белгиледи.



Тектеш кабарлар