Орусия Ирандын спутнигин космоско учурат
Ирандын «Хайям» аттуу спутнигинин 9-августта космоско жөнөтүлө тургандыгы айтылды.
1863326
Орусиянын Федералдык космос агенттиги (Роскосмос) Ирандын атынан космоско спутник учурула турганын жарыялады.
Роскосмостун билдирүүсүндө, Ирандын «Хайям» аттуу спутнигинин 9-августта космоско жөнөтүлө тургандыгы айтылды.
Билдирүүдө Иран спутниги менен Орусияга таандык 16 кичинекей спутниктин Казакстандын Байконур космодромунан «Союз 2.1б» ракетасы менен учурула турганы кабарланды.