Европа Биримдигинен Ковид - 19 вакцинасын алуу туралуу келишим
Учурда Европа Биримдигинин дары-дармектерди жөнгө салуучусу EMA, HIPRAнын Ковид-19 вакцинасын карап чыгуу процессин улантууда.
Европа Биримдиги Ковид-19га каршы Испаниянын HIPRA компаниясы тарабынан иштелип чыккан потенциалдуу вакцинанын 250 миллион дозасын берүү боюнча келишимге кол коюлганын билдирди.
Европа Биримдиги Комиссиясы Ковид - 19га каршы чыгарылган вакциналарды алуу стратегиясынын негизинде жаңы келишимдин HIPRA фирмасы менен кол коюлгандыгын билдирди.
Маалыматта келишимдин негизинде чыгарылган вакцинанын Ковид – 19га каршы коопсуз жана эффективдүү экендиги Европа дары - дармек агенттиги тарабынан бекитилишинен киийн Европа Биримдигине мүчө 14 өлкөнүн 250 миллион дозага чейин сатып ала ала тургандыгы белгиленди.
Европа Биримдигинин мындан мурда AstraZeneca, Sanofi-GSK, Johnson and Johnson, BioNtech-Pfizer, Moderna, Novavax жана Valneva менен вакцина сатып алуу келишимине кол койгондугу эске салынган маалыматта вакцина стратегиясынын алкагында болжол менен 4,2 миллиард дозанын камсыздалганы белгиленди.
Учурда Европа Биримдигинин дары-дармектерди жөнгө салуучусу EMA, HIPRAнын Ковид-19 вакцинасын иликтөө процессин улантууда.
Учурда Европа Биримдигинин дары-дармектерди жөнгө салуучусу EMA, HIPRAнын Ковид-19 вакцинасын карап чыгуу процессин улантууда.