Сомалидеги холера эпидемиясы

Өлкөдө январь-июнь айларында эпидемиядан 37 кишинин каза болгондугу белгиленди.

1861864
Сомалидеги холера эпидемиясы

Сомалиде быйылкы жылдын биринчи жарымында холера эпидемиясынан улам 37 адам каза болду. 

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) тарабынан жарыяланган отчетто, өлкөдө январь-июнь айларынын аралыгында 8 миң 41 холера учуру аныкталып, эпидемиядан 37 кишинин каза болгондугу белгиленди.

Быйыл ооруга чалдыккандардын болжол менен 54 пайызынын эки жашка чейинки балдар экени айтылган отчетто, 49 пайызынын аялдар жана 28 пайызынын да суусуз калгандыгы маалымдалды. 

Отчетто: «Сомали калкынын 52 пайызынын гана жакшыртылган ичүүчү сууга же коопсуз башкарылуучу ичүүчү суу кызматтарына жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу жана азыркы кургакчылык сууну ого бетер тартыш кылып жаткандыктан коомчулуктар суудан жуккан оорулар менен күрөшүп жатышат»,-деп билдирилди.

Сомали өкмөтү жана ДССУ өткөн айда 4 миң 984 медициналык кызматкерди милдеттендирип, алар 897,86 жаштан жогорку 934,511 адамды эмдөөдөн өткөрүштү.



Тектеш кабарлар