Москвада бир мейманкана өрттөндү
Өрттө 8 киши каза болду.
1861134
Россиянын борбор шаары Москвада бир мйманканада өрт чыгып, 8 киши каза болду.
Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен берилген маалыматта борбор шаар Москванын түштүк-чыгышында бир мейманканада өрт чыкканы белгиленди.
Тергөө комитетинин маалыматы боюнча, өрттөн 8 киши каза болуп, 4 адам ооруканага жаткырылды.
Мейманканада өрт сигнализациясынын бар экендиги, бирок иштебей тургандыгы белгиленди.