Италия - Слования чек арасында өрт чыкты

Түн ичинде катуу шамалдын таасиринен улам өрт тездик менен жайылды.

1861130
Италия  -  Слования чек арасында өрт чыкты

Италиянын Словения менен чек арасындагы Савогна д'Исонцо шаарына жакын жерде өткөн түнү токой аймагында башталган өрттүн себебинен кээ бир калктуу конуштар эвакуацияланды.
Италиялык басылмалардын маалыматына караганда, өткөн аптада өчүрүлгөн өрт өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Савогна д'Исонцого жакын жердеги токой аймагында кайрадан жанданды.

Түн ичинде катуу шамалдын таасиринен улам өрт тездик менен жайылды.

Савогна-д'Исонцо шаарынын мэри Лука Писк Сан-Мишель-дель-Карсо аймагынан коркунучка кабылган адамдарды тез арада эвакуациялоо боюнча көрсөтмөгө кол койду. Ага ылайык, аймактан 25 үй-бүлө эвакуацияланды.



Тектеш кабарлар