Кытайда күн катуу ысып жатат

Катуу ысыктан улам «кызгылт сары» эскертүүсү уланат.

1860507
Кытайда күн катуу ысып жатат

Кытайда катуу ысыктан улам «кызгылт сары» эскертүүсүнүн улана турганы билдирилди.

Кытайдын Улуттук метеорология борборунун билдирүүсүндө, күндүз өлкөнүн түштүк аймактары менен Ички Монголия жана Шинжаң-Уйгур автономиялуу облусунун кээ бир аймактарында абанын температурасы 35 градустан аша турганы белгиленди.

Цицян жана Цзянси провинциялары менен Шинжаң-Уйгур автономиялуу облусунун айрым аймактарында болсо температуранын көрсөткүчтөрү 40 градустан ашышы мүмкүн экени айтылды.

Метеорология кызматкерлери, ысык убактарда ачык иш-чараларга катышпоону жана сыртта иштегендер үчүн тез-тез тыныгуу берүүнү эскертти.

"Кызгылт сары" эскертүүсү Кытайдын ысык аба ырайы жөнүндө эскертүү системасындагы 4 деңгээлдин экинчиси болуп саналат. Эскертүүлөр "кызыл", "кызгылт сары", "сары" жана "көк" деп жогорудан төмөнгө чейин тизмеленген.



Тектеш кабарлар