Иранда сел жүрдү

Иранда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп, 4 кишинин каза болгону, 9 кишинин жараланганы маалымдалды.

1860533
Иранда сел жүрдү

Иранда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп, 4 кишинин каза болгону, 9 кишинин жараланганы маалымдалды.

Кечээ кечинде жааган жамгыр борбор Тегеранга жана анын айланасына таасирин тийгизди.

Имамзаде Давуд аймагында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам болгон сел апаатында 4 киши каза болуп, 9 киши жаракат алды.

Аймакта селден улам дайынсыз жоголгон адамдар үчүн издөө-куткаруу иштеринин башталгандыгы билдирилди.

Суу ташкынынан улам ички иштер министри Ахмед Вахиди, Ирандын Кызыл Жарым Айдын президенти Пир Хүсейин Коливенд, Тегеран губернатору Мухсин Мансури жана мэр Али Рыза Закани жана Тез жардам борборунун жетекчилери кезексиз чогулушту.

Бир тараптан президент Ибрахим Реиси  Ички иштер министрлиги, Тегеран губернаторлугу жана Кызыл Жарым Ай сыяктуу тиешелүү мекемелерге куткаруу иштерин тездетүү жана селден жабыркаган жарандарга керектүү жардамдарды көрсөтүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү мобилизациялоону тапшырды.



Тектеш кабарлар