Япония Индонезия менен карым - катнаштарын өнүктүрөт

Япония менен Индонезия деңиз коопсуздугу боюнча  мамилелерди жакшыртуу боюнча макулдашты.

1860237
Япония Индонезия менен карым  - катнаштарын өнүктүрөт

Япониянын борбор шаары Токиодо жолугушкан Япониянын премьер-министри Кишида Фумио менен Индонезиянын президенти Жоко Видодо жолугушуудан кийин билдирүү жасашты.

Япониянын Индо - Тынч океан аймагында тынчтык жана коопсуздуктун камсыздалышы жана Индонезиянын деңиз коопсуздук дараметин күчтөндүрүү үчүн колдоо көрсөтө турганын белгилеген Кишида өлкөсүнүн инфраструктуралык долбоорлор жана кырсыктарды алдын алуу үчүн Индонезияга 318 миллион доллар насыя бере турганын белгиледи.

Видодо болсо Япониянын жаңы инвестицияларын колдоп, таза энергия, инфраструктура, фармацевтика, айыл чарба жана жаратылыш ресурстары сыяктуу жаңы технологияга колдоо көрсөтүүнү суранды.

Жоко Видодо : "Өзгөчө  Японияны суутек жана аммиак технологиясы сыяктуу инновациялык технологиялардын артында туруп, Индонезиянын таза нөлдүк эмиссияны тездетүүнү колдоого чакырам»,- деди.

Эки тарап деңиз коопсуздугу, климаттын өзгөрүшү, энергетика жана инвестиция боюнча кызматташтыкты күчөтүү боюнча макулдашкандарын жарыялашты.



Тектеш кабарлар