Кремлдин катчысы Дмитрий Песков "Түндүк Агым" тууралуу маалымат берди

Россия "Түндүк Агым" куурундагы маселелерден батыштык өлкөлөрдүн санкцияларынын жооптуу экендигин айтты.

1859774
Кремлдин катчысы Дмитрий Песков "Түндүк Агым"  тууралуу маалымат берди

Россия "Түндүк Агым" куурундагы маселелерден батыштык өлкөлөрдүн санкцияларынын жооптуу экендигин айтты. 

Кремлдин катчысы Дмитрий Песков борбор шаар Москвада берген маалыматында "Түндүк Агым" жаратылыш газ куурунда колдонулган айрым турбиналарда маселелердин чыккандыгын белгилеп : "Өлкөбүзгө карата санкциялар абалды татаалдаштырып жатат.  Санкциялар болбогондо куурдагы бардык техникалык тейлөө нормалдуу түрдө аткарылмак жана мындай абал болмок эмес",- деди.

"Түндүк Агым" куурунда чыккан маселелер тууралуу Газпромдун  билдирүү жасай турганын белгилеген Песков : "Ал түгүл колдонулган турбиналар туурлуу маселелер бар. Техникалык тейлөөгө кеткен турбина кайтып келген жок, орнотула элек бирок жолдо. Орнотуу иштери токтобой кыска мөөнөттө ишке ашат деп ишенебиз",- деди.

Газпром  Siemensке таандык бир турбинанын Канадада тейлөөгө алынгандан кийин Россияга кайра тапшырылган жок деген негиз менен "Түндүк Агым" аркылуу жаратылыш газ өткөрүүнү 15 -  июнда 60 пайызга кыскарткан. 

Кечээ Газпромдон жаслаган маалыматта да "Түндүк Агымдагы" бир турбинанын дагы токтотулушуна чечим чыгарылгандыгы, 27 -  июлдан тарта Портовая компрессордук станциясы аркылуу күн сайын эң көп 33 миллион метр куб жаратылыш газы ташыла турганы жарыяланды.

 



Тектеш кабарлар