Орусиянын Одессага чабуулу тууралуу билдирүүсү

Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова билдирүү жасады.

1858693
Орусиянын Одессага чабуулу тууралуу билдирүүсү

Кечээ Украинанын Одесса портуна жасалган ракеталык чабуул боюнча жоопкерчиликти Орусия өзүнө алды.

Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова билдирүү жасап:«Калибр ракеталары Одесса портундагы аскердик инфраструктураны талкалады", - деп айтты.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия менен дан ташуу боюнча кол коюлган келишимден кийин орус армиясынын Одесса портуна кол салуусу тууралуу билдирүүсүндө:«Бул бир гана нерсени далилдейт; Орусия эмне десе, эмне убада кылбасын, аны ишке ашырбоо жолдорун табат»,-деди.

22-июлда президент Режеп Таййип Эрдогандын карамагында Стамбулда Түркия, Орусия, Украина жана Бириккен Улуттар Уюмунун ортосунда «Украина портторунан эгин жана азык-түлүктөрдү коопсуз ташуу демилгеси документине» кол коюлган.

Бурулуш чейит болгон маанилүү келишим азык-түлүктүн дүйнөлүк баасынын өсүшүнө жол бербөө жана дүйнөлүк азык-түлүк кризисин чечүү үчүн маанилүү деп эсептелгени менен, украин данынын Одесса, Черноморск жана Южный портторунан дүйнөлүк рынокко кайра чыгышына жол ачат.

Бир нече жумада толук ишке кириши күтүлгөн келишимге ылайык, Орусия жүк ташуу учурунда портторду бутага албайт.



Тектеш кабарлар