Алжирдин Тышкы иштер министри Багдатта

Алжирдин тышкы иштер министри Рамтан Ламамра расмий сапар менен барган Багдадда ирактык кесиптеши Фуад Хусейин менен жолугушту.

1858530
Алжирдин Тышкы иштер министри Багдатта

Алжирдин тышкы иштер министри Рамтан Ламамра расмий сапар менен барган Багдадда ирактык кесиптеши Фуад Хусейин менен жолугушту.

Багдадда Тышкы иштер министрлигинде өткөн жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы көптөгөн тармактарда кызматташууга басым жасалды.

Жолугушуудан кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйынында Ирактын тышкы иштер министри Хусейин, эки өлкөнүн 24-февралдан бери уланып жаткан Россия - Украина согушунан улам келип чыккан азык - түлүк коопсуздугу кризисинен чыгуу үчүн аракет кылаарын айтты.

Дүйнөгө таасирин тийгизген   кризис тууралуу Москва жана Киев башкаруулары менен сүйлөшкөндөрүн белгилеген Хүсейин, алжирдик кесиптеши менен бул кризистен чыгуу үчүн эки өлкөдө тең таштала турган кадамдарды сүйлөшкөндөрүн айтты.

Алжирдин тышкы иштер министри Ламамранын Багдад сапарын «маанилүү» деп баалаган Хүсейин эки өлкөнүн энергетика, экономика жана башка көптөгөн тармактарда кызматташууга даяр экенин белгиледи.

Алжирдин тышкы иштер министри Ламамра эки боордош өлкөнү байланыштырган материалдык, руханий, маданий жана тарыхый өбөлгөлөрдүн бар экенине көңүл буруп, өлкөсүнүн Ирактын гүлдөп - өнүгүшү үчүн бардык колдоосун берүүгө даяр экенин айтты.

Ковид-19 эпидемиясынан жана Россия - Украина согушунан кийин дүйнөдө маанилүү өзгөрүүлөрдүн  болгонун эске салган Ламамра эки өлкөнүн өз өлкөлөрүнө пайдалуу боло турган тармактарда таштала турган кадамдардын маанилүүлүгүн баса белгиледи. 



Тектеш кабарлар