Путин - Бин Селман сүйлөшүүсү

Путин менен Селман сүйлөшүүдө өлкөлөр арасындагы "карым  - катнаштарда жетишилген достук деңгээли" тууралуу оң баа беришти.

1858048
Путин  -  Бин Селман сүйлөшүүсү

Россиянын Президенти Владимир Путин Сауд Арабиянын мураскер ханзадасы Мухаммед бин Селман менен дүйнөлүк мунай базарындагы абалды талкуулады. 

Кремлден берилген маалыматка караганда Путин менен Селман өткөргөн телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө өлкөлөр арасындагы "карым  - катнаштарда жетишилген достук деңгээли" тууралуу оң баа беришти. 

(Мунай экспорттогон жана уюмдун тышында айрым өндүрүүчү өлкөлөр) ОРЕК +  алкагында көбүрөөк координациялоонун маанилүүлүгү баса белгиленген сүйлөшүүдө, бул форматка катышкан өлкөлөрдүн дүйнөлүк энергетика рыногунда керектүү тең салмактуулукту жана туруктуулукту сактоо боюнча өз милдеттерин ырааттуу аткарып жатканы баса белгиленди.

 



Тектеш кабарлар