Бельгияда атомдук электр станцияларынын иштөө мөөнөтү узартылат

Премьер-министр Александр Де Кро өзүнүн социалдык медиа аккаунтунда, федералдык өкмөт менен Engieнин эки атомдук электр станциясынын иштөө мөөнөттөрүн узартуу боюнча принципиалдуу макулдашканын жарыялады.

1858279
Бельгияда атомдук электр станцияларынын иштөө мөөнөтү узартылат

Бельгия өкмөтү, 2025-жылы жабылышы пландалган атомдук электр станцияларынын иштөө мөөнөтүн 10 жылга узартуу темасында боюнча француз энергетикалык компаниясы Engie менен макулдашты.

Премьер-министр Александр Де Кро өзүнүн социалдык медиа аккаунтунда, федералдык өкмөт менен Engieнин эки атомдук электр станциясынын иштөө мөөнөттөрүн узартуу боюнча принципиалдуу макулдашканын жарыялады.

Геосаясий ыраатсыздык чөйрөсүндө Бельгияда энергия коопсуздугун камсыз кылуу үчүн аракет кылгандарына көңүл бурган Де Кро, жыл аягына чейин атомдук станциялар боюнча фирма менен жыйынтык келишим түзүлө турганын айтты.

Келишимдин алкагында 1985-жылы Бельгияда курулган Doel 4 жана Tihange 3 реакторлорунун иштөө мөөнөттөрү дагы 10 жылга узартылат.

Аталган 1000 мегаватт сааттык реакторлор 2036-жылга чейин ишин улантат.



Тектеш кабарлар