Израиль: «Биз Ливандын учкучсуз учуучу аппаратын атып түшүрдүк»
Израиль армиясы тарабынан бөлүшүлгөн фотодо кулатылган учкучсуз учуучу аппараттын жарандык максатта колдонулуучу профессионалдык камера «дрон» экени көрүндү.
Израиль армиясы Ливандан аба мейкиндигине кирген учкучсуз учуучу аппаратты атып түшүргөнүн жарыялады.
Израиль армиясынан берилген маалыматта абадан башкаруу бөлүмдөрүнүн Ливандан абага көтөрүлгөн «Хизбуллахка таандык болушу ыктымал» учкучсуз учуучу аппаратын аныктап атып түшүргөнү белгиленди.
Израиль армиясы тарабынан бөлүшүлгөн фотодо кулатылган учкучсуз учуучу аппараттын жарандык максатта колдонулуучу профессионалдык камера «дрон» экени көрүндү.
Израиль армиясы 2-июлда Ливандын чек арасына жакын жайгашкан өзгөчө экономикалык аймакка жөнөтүлгөн 3 учкучсуз учуучу аппараттын атып түшүрүлгөнүн жарыялаган.
Окуядан кийин Ливан Хизбуллахы тарабынан жасалган билдирүүдө эки өлкөнүн ортосундагы талаштуу деңиз аймагы Каришке учкучсуз учуучу аппараттардын чабуул жасаганы тастыкталган.
Тектеш кабарлар
АКШдан Украинага 2 миллиард долларлык жардам
Украинага барган Блинкен Киевди колдоо боюнча комментарий берди.
Газада каза болгондордун саны 35 миң 233кө жетти
Израилдин Газа тилкесине 222 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.