Шольц империализм Европага кайтып келе жатканын билдирди

Олаф Шольц Frankfurter Allgemeine гезитине жазган макаласында саясаттын чындыкты көрүү менен башталарын баса белгиледи.

1856040
Шольц империализм Европага кайтып келе жатканын билдирди

Германиянын канцлери Олаф Шольц империализм Европага кайтып келе жатат деп билдирди.

Олаф Шольц Frankfurter Allgemeine гезитине жазган макаласында саясаттын чындыкты көрүү менен башталарын баса белгилеп:«Чындык-бул империализм Европага кайтып келди»,-деп билдирген.

Көптөгөн өлкөлөрдүн тыгыз экономикалык карым-катнаштар менен өз ара көз карандылыктын ошол эле учурда ырааттуулук менен коопсуздукту камсыздай турганын үмүт кылганын белгилеген Шольц, Орусиянын президенти Владимир Путиндин 24-февралдан бери Украинага каршы жүргүзүп жаткан согушу менен бул үмүттү көзгө көрүнөрлүк жок кылганын баса белгиледи. Шольц ошондой эле орус ракеталарынын бир гана Украинаны эмес ошол эле учурда европалык жана эл аралык тынчтык тартибин урандыга айландырганын белгиледи.

Путиндин газ ташууну токтотуп, энергияны курал катары колдонгонун белгилеген Шольц, жада калса Советтер Союзунун да кансыз согушта (1947-1991) муну жасабаганын баса белгиледи.

Немис армиясынын жана жарандык коргонуу түзүмдөрүнүн абалына жана Орусиянын энергетикасына ашыкча көз карандылыкка көңүл бурган Германиянын канцлери, мунун баары кансыз согуш аяктагандан кийин жаңылыш коопсуздук сезими бар экенин көрсөткөнүн белгиледи.

Акыркы жылдарда Европа Биримдигинин (ЕБ) геосаясий актер болушуна байланыштуу тез-тез жана туура чакырыктар болгонун кеп кылган Шольц, Евробиримдиктин Путиндин нео-империализминин ийгиликтүү болбой турганын чечкиндүү түрдө билдиргенин белгилеп: «Европа Биримдиги - империализм менен автократиянын тирүү антитезасы. Мүчө-мамлекеттердин ортосундагы ажырым бизди алсыратат. Биз биримдигибизди коргоп, тереңдетишибиз керек. Биз атаандаш улуу державалардын дүйнөсүндө тышкы саясатта үнүбүздү угузгубуз келсе мындан ары улуттук ветолорду көтөрө албайбыз»,-деп өз баасын берди.

Владимир Путиндин Украина жана башка Чыгыш Европа өлкөлөрү менен болгон карым-катнаштарынын «неоколониялык» өзгөчөлүктөргө ээ экенин белгилеген Олаф Шольц орус лидеринин СССР же падышалык империянын үлгүсүнө таянган жаңы империяны ачык эле кыялданганын жүйө келтирди.



Тектеш кабарлар