Марбург эпидемиясы жүрүп жатат

Ушул айдын башында түштүк Ашанти аймагында эки адам вирустан каза тапты.

1856407
Марбург эпидемиясы жүрүп жатат

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму (ДССУ) Ганада Марбург вирусунан 2 кишинин каза болушунан кийин өлкөдө Марбург эпидемиясынын жүрүп жатканын жарыялады.

Батыш Африка өлкөсү Ганада эболага окшош оору болгон Марбург вирусунун биринчи учуру аныкталды. Ушул айдын башында түштүк Ашанти аймагында эки адам вирустан каза тапты.

Гананын Саламаттыкты сактоо кызматы (GHS) каза болгондордун кан үлгүлөрүнүн Сенегалдагы Пастер институтуна жөнөтүлгөнүн жана диагноздун тастыкталганын билдирди.

Жаныбарлардан жайылган вирустан сактануу үчүн Гананын саламаттыкты сактоо кызматкерлери коомчулукка жарганаттар жашаган үңкүрлөрдөн алыс болууну жана бардык эт азыктарын жакшы бышырууну эскертишти.

Эболанын жакын тууганы экени айтылган Марбург вирусу алгач 1967-жылы Германиянын Марбург шаарындагы лабораторияда аныкталган.



Тектеш кабарлар