Украина Түндүк Корея менен дипломатиялык мамилелерин токтотту

Бул тууралуу Украинанын Тышкы иштер министрлигинен маалымат берилди.

1855233
Украина Түндүк Корея менен дипломатиялык мамилелерин токтотту

Украина Түндүк Корея менен дипломатиялык алакасын Донецк менен Лугансктын көз карандысыздыгы деп аталган аймактарды «таанды» деген жүйө менен үздү.

Украинанын Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Орусия тарабынан оккупацияланган Донецк жана Луганск аймактарынын «көз карандысыздыгы» деп аталган аймактардын Түндүк Корея тарабынан таанылышы чечиминин катуу айыпталганы билдирилди.

Билдирүүдө Пхеньяндын Украинанын эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө каршы аракети Бириккен Улуттар Уюмунун Конвенциясын жана эл аралык укуктун негизги нормаларын жана принциптерин одоно түрдө бузганы белгиленген.

Түндүк Корея менен дипломатиялык алакалардын достукка жатпаган аракетине жооп катары үзүлгөнү айтылды.

Украинанын президенти Владимир Зеленский өзүнүн Telegram эсебинен жасаган билдирүүсүндө Түндүк Кореянын чечимине «бардык деңгээлде абдан катуу жооп кайтарышарын» айтты.



Тектеш кабарлар