Жейк Салливан жакында Ирандын Москвага учкучсуз учуучу аппарат жиберерин айтты

Салливан Ак үйдөгү күнүмдүк пресс  - брифингге  катышып, АКШнын президенти Жо Байдендин бүгүн баштала турган Жакынкы Чыгыш сапарына баа берди

1854614
Жейк Салливан  жакында Ирандын Москвага учкучсуз учуучу аппарат жиберерин айтты

АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Ирандын жакынкы убакта Украина согушу үчүн Москвага жүздөгөн учкучсуз учуучу аппарат жиберерин жана орус аскерлерин куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар боюнча машыктырарына байланыштуу кабар алгандарын айтты. 

Салливан Ак үйдөгү күнүмдүк пресс  - брифингге  катышып, АКШнын президенти Жо Байдендин бүгүн баштала турган Жакынкы Чыгыш сапарына баа берди жана журналисттердин суроолоруна жооп берди. Иран менен атомдук келишим тууралуу Ирандын белгилүү кадамдарды таштоосу керектигин айткан Салливан : "Бул келишимдин мөөнөтүн белгилеген жокпуз. Стол үстүндө келишим бар. Биз жана европалык өнөктөштөрүбүз аны колдойбуз. Иран бул келишим үчүн  кадам ташташы керек",- деди. 

Салливан 24 -  февралда башталган Россия  -  Украина согушу тууралуу Россиянын каалаганын ала албагандыгын, куралдарга байланыштуу айрым кыйынчылыктарды жашагандыгын белгилеп : "Биз тарапта Иран өкмөтүнүн жакынкы убакта Россияга жүздөгөн учкучсуз учуучу аппарат берерине жана булардын арасында куралдуу учуучу аппараттардын да бар экендигине байланыштуу маалымат бар. Өзгөчө бул маалымат Ирандын бул учуучу аппараттарды колдонуу үчүн орус аскерлерин машыктырары жана бул процесстин бул айда баштала тургандыгын көрсөтүүдө",- деди. 

 

 



Тектеш кабарлар