Россиянын Украинадагы аракеттери

Игорь Конашенков Россия - Украина согушундагы орус армиясынын иш-аракеттерине байланыш маалыматтарды берди.

1854749
Россиянын Украинадагы аракеттери

Россиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков Украинада Америка Кошмо Штаттары чыгарган кемеге каршы ракета учуруучу Haspoon системаларынын жогорку тактыктагы ракеталар менен жок кылынганын билдирди.

Конашенков борбор шаар Москвада 24-февралда башталган Россия - Украина согушундагы орус армиясынын иш-аракеттерине байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.

Орус күчтөрүнүн Украинага таандык аскердик элементтерге карата кол салууларды уланткандыгына  көңүл бурган Конашенков ; "Одесса аймагындагы Березан отурукташуу жерине жакын АКШда жаслаган кемеге каршы ракета учуруучу Haspoon системалары Искандер жогорку тактыктагы ракеталары менен жок кылынды",-  деди.

Конашенков мындан тышкары Донецк облусунда Украина армиясынын 30-механикалаштырылган бригадасынын 180 жоокери жана 26 аскер техникасы жана аскердик унаалар оңдолуп жаткан борбордун жогорку тактыктагы курал менен аткыланганын, акыркы 24 сааттын ичинде 3 ок  - дары кампасынын орус    абада согуштук тактикалык бөлүктөрү менен  ракеталык жана артиллериялык бөлүктөрү тарабынан жок кылынгандыгын айтты. 

Конашенков Украинанын Луганск аймагында 12 даана «Ураган» көп сиволдуу  ракета аткычтардын колго түшүрүлгөнү тууралуу маалыматты бөлүшүп: «Учурда Украинага таандык 243 учак, 137 тик учак, 1513 учкучсуз учуучу аппарат, 354 абадан коргонуу ракета системасы, 4 миң 46 танк жана бронетранспортерлер, 741 көп стволдуу ракета аткычтар, 3 миң 135 гаубица жана минометтор, 4 миң 165 атайын аскердик техника жок кылынды",- деди. 

Украинага бараткан чет элдик жалданма согушкерлерди катташкандарын  белгилеген Конашенков : «Киев башкаруусу Украинанын аймагында 20 миң чет элдик жалданма согушкер бар экенин жарыялады. Бул калп жана сөз болуп жаткан согушкерлердин чыныгы саны дагы көп»,-деп билдирди. 

Бул согушкерлерди жок кылууну уланткандарын белгилеп  : "Акыркы 3 жумада жалданма согушкерлердин саны 3 миң 221ден 2 миң 741ге азайды. 166 поляк жана 50 грузиялык согушкер жок кылынды. Англия дагы 23 согушкерин жоготту. Ошондой эле 3 жуманын ичинде 21 румыниялык жана 15 канадалык согушкер жок кылынды»,- деди Конашенков.

 



Тектеш кабарлар