Ливияда уурдалган мыйзамсыз мигранттар куткарылды

Ливия армиясы 16 -  майда да Филиппин тектүү 5 жаш аялдын куткарылгандыгын маалымдаган.

1854656
Ливияда уурдалган мыйзамсыз мигранттар куткарылды

Ливияда уурдалган 110 мыйзамсыз мигрант армия бөлүктөрү тарабынан куткарылды.

Ливиянын Коргоо министрлигинин 444 - бригадасынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, уурдалгандан  кийин ар кандай кыйноого жана шантажга кабылган 110 бангладештик жаранга карата куткаруу операциясынын жүргүзүлгөнү маалымдалды. 

Операция жүргүзүлгөн аймак тууралуу маалымат берилбестен, сөзү болгон уурдоо кыймылын аткаргандардын да Бангладеш жараны 9 кишилик бир топтон тургандыгы билдирилди. 

2 ливиялык менен кызматташтык ичинде, уурдаган курмандыктар үчүн үй  - бүлөлөрүнөн кун талап кылган топ тууралуу сот иштеринин баштатылгандыгы белгиленди. 

Ливия армиясы 16 -  майда да Филиппин тектүү 5 жаш аялдын куткарылгандыгын маалымдаган. 

Ливия Түндүк Африкадан Европага мыйзамсыз жолдор менен өтүүнү каалаган мыйзамсыз мигранттар көп колдонгон жолдордун бири катары кабыл алынууда. 

 



Тектеш кабарлар