Жапонияда парламенттик шайлоо өтүп жатат

545 талапкер ат салышкан шайлоодо талапкерлердин 30 пайыздан ашыгын аялдар түздү, бул буга чейин катталган эң жогорку көрсөткүч.

1854171
Жапонияда парламенттик шайлоо өтүп жатат

Жапонияда бүгүн Консультативдик Ассамблеяга (Сангиин) кезектеги парламенттик шайлоо үчүн добуш берүү болду.

Kyodo News кабарына караганда 3 жылда бир өткөрүлүүчү шайлоо үчүн добуш берүүгө барган жапон шайлоочулары «Жогорку палата» катары көрүлгөн Сангииндеги 248 орундун жарымынын келечегин аныктайт.

545 талапкер ат салышкан шайлоодо талапкерлердин 30 пайыздан ашыгын аялдар түздү, бул буга чейин катталган эң жогорку көрсөткүч.

Премьер-министр Кишида Фумио башчылык кылган Либерал-демократиялык партиясы (ЛДП) өнөктөшү Комеито менен азыркы учурда Сангиинде 137 орунга ээ.

Конституциялык демократиялык партия (КДП) башында турган оппозициялык топ да парламентте 95 орунга ээ.

Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00дө аяктайт.

 



Тектеш кабарлар