Абэни өлтүрдү делген кылмышкер бомба жасоого аракет кылган
Kyodo News кабарында кол салуу боюнча тергөө жүргүзүп жаткан тергөөчүлөр Ямагами полицияга «бир нече курал жасаганын» мойнуна алганын айтышкан.
Жапониянын мурдагы премьер-министри Абэ Синдзону тапанча менен аткан Ямагами Тецуя бомба жасоого аракет кылганы айтылды.
Kyodo News кабарында кол салуу боюнча тергөө жүргүзүп жаткан тергөөчүлөр Ямагами полицияга «бир нече курал жасаганын» мойнуна алганын айтышкан.
Ямагаминин мурда да бомба жасоого аракет кылганын белгилеген тергөөчүлөрдүн бири кол салуучунун алгач бир диний топтун лидерине кол салууну каалаганын, андан кийин оюн өзгөртүп, Абэни бутага алганын айтты.
Абэ 8-июлдагы Либерал-демократиялык партиянын талапкеринин шайлоо өнөктүгүн колдоо үчүн Нара шаарындагы Ямато-Сайдайжи станциясынын маңдайында ачык иш-чарада сүйлөп жатканда көкүрөгүнө ок тийген.
Кол салуудан кийин оор жаракаттар менен ооруканага жеткирилген Абэни сактап калуу мүмкүн болгон жок.
Тектеш кабарлар
Байден: «НАТО болуп көрбөгөндөй күчтүү»
Жо Байден АКШнын Вест Пойнт аскердик академиясынын бүтүрүү аземинде сөз сүйлөдү.