Абэ Синдзонун каза болушу жана кол салуучунун айткандары

Кол салуучунун жакын аралыктан ок аткандыгын айткан жетекчилер, муну өлтүрүү максатында жасаганыy белгилешти.

1854030
Абэ Синдзонун каза болушу жана кол салуучунун айткандары

 Японияда  кечээ учураган куралдуу кол салууда оор жаракат алган Япониянын мурдагы премьер  - министри Абэ Синдзонун кан жоготуу менен каза болгондугу белгиленди.

Коопсуздук жетекчилеринин билдиргенине караганда Абэнин сол колунан  кирген ок көкүрөк сөөгүнүн астындагы артерияны жабыркаткан.

Жетекчилер Абэнин кан жоготуудан улам каза болгонун билдирди.

Кол салуучунун жакын аралыктан ок аткандыгын айткан жетекчилер, муну өлтүрүү максатында жасаганыy белгилешти.

Ошол эле учурда Киодо агенттигинин кабарына караганда Абэнин  сөөгүн текшерүүдө сол колунун  үстүнкү бөлүгү менен мойнунда  2 ок жаракаты бар экени аныкталган. Нара шаарында катышкан шайлоо өнөктүгү учурунда мылтык менен атып өлтүрүлгөн Абэнин денеси экспертизадан кийин шаардагы ооруканадан чыгарылды. Сөөктү ташыган унаа Абэнин үйү жайгашкан борбор шаар Токионун Шибуя районуна жергиликтүү убакыт боюнча саат 13.30да барган.

Япон маалымат каражаттары кабарлагандай, Япон улуттук полиция кызматы NPA Абэге кол салуу болгон Нара шаарынын полициясы Абэ Синдзо шаарда жүргөн учурда  анын коопсуздугун кантип камсыз кылуу боюнча план даярдаганын билдирди.

NPA билдиргендей, Абэ сүйлөп жаткан учурда Нара полициясы жана Токио метрополитенинин полициясы кызматта болгон.

Абэни коргогон полиция жана куралдуу коопсуздук кызматкерлеринин кол салууну алдын ала албаганына көңүл бурган NPA, Абэге байланыштуу коопсуздук эрежелеринин кайра карала турганын билдирди.

Бир тараптан куралдуу кол салууну жасаганы белгиленген Ямагами Тецуя Абени кек сактаган бир топ менен байланышы бар деген ой менен өлтүргөнүн айтты.

Япон мамлекеттик маалымат каражаттарынын жазганына караганда, полиция тарабынан кармалган Ямагами билдирүүсүндө кол салууну Абэнин саясий көз караштарына карата кек сактоодон  улам болбогонун айтты.

Бир тараптан айрым япон маалымат булактарында Ямагаминин полицияга берген билдирүүсүндө бутага кишинин бир диний топтун жогорку мартабалуу кишиси экендигин айтканы да билдирилүүдө.

Кол салууда колдонулган колго жасалган куралдын 40х20 сантиметр өлчөмүндө болгонун түшүндүргөн полиция, шектүүнүн Абэнин программасына интернет аркылуу киргенин айтканын билдирди.

Абэ өлкөнүн Нара шаарында Либерал-демократиялык партиянын талапкеринин шайлоо өнөктүгүн колдоо боюнча ачык иш-чарада сүйлөп жатканда көкүрөгүнө ок тийген.

Япония мамлекеттик телеканалы NHK кол салуудан кийин оор жаракат алып ооруканага жеткирилген Абэнин каза болгонун жарыялады.



Тектеш кабарлар