Путин-Пашинян сүйлөшүүсү

Сүйлөшүүдө Орусия, Азербайжан жана Армениянын ортосунда 2020-жылдын ноябрь, 2021-жылдын январь жана ноябрь айларында кол коюлган келишимдердин аткарылышы талкууланды.

1853015
Путин-Пашинян сүйлөшүүсү

Орусиянын президенти Владимир Путин Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин билдирүүсүнө караганда, сүйлөшүүдө Орусия, Азербайжан жана Армениянын ортосунда 2020-жылдын ноябрь, 2021-жылдын январь жана ноябрь айларында кол коюлган келишимдердин аткарылышы талкууланды.

Азербайжан менен Армениянын ортосундагы чек арада коопсуздукту камсыз кылуу, Түштүк Кавказда экономикалык жана транспорттук байланыштарды калыбына келтирүү боюнча пикир алмашылган сүйлөшүүдө Пашинян Путинге Армения менен Түркиянын ортосундагы мамилелерди нормалдаштырууга карата акыркы жолугушуулар тууралуу маалымат берди.



Тектеш кабарлар