Маймыл чечеги вирусу тынчсыздандырууда

ДССУнун башкы директору доктор Тедрос Аданом Гебреисус ДССУнун апталык маалымат жыйынында маймыл чечеги эпидемиясы боюнча акыркы абал тууралуу маалымат берди.

1853042
Маймыл чечеги вирусу тынчсыздандырууда

Дүйнөдө маймыл чечеги оорусуна чалдыккандардын санынын 6 миңден ашканы жарыяланды.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) башкы директору доктор Тедрос Аданом Гебреисус, ДССУнун апталык маалымат жыйынында маймыл чечеги эпидемиясы боюнча акыркы абал тууралуу маалымат берди.

58 өлкөдөн 6 миңден ашуун учурду тастыктагандарын түшүндүргөн Гебреисус: «Учурларды тест менен аныктоодо дагы деле кыйынчылыктар бар жана көп учурлар расмий түрдө каттала элек болушу мүмкүн»,-деди.

Гебреисус Европанын маймыл чечеги эпидемиясынын борбору болуусун улантып жатканын белгилеп, жалпы бейтаптардын 80 пайызынын Европа өлкөлөрүндө байкалганын айтты.

Вирустун Африкада да жайылганына көңүл бурган башкы директор, континентте ушул убакка чейин вирус эч таасирдүү болбогон аймактарда жаңы учурлардын аныкталганын билдирди.

ДССУнун башкы директору вирустун жайылышы улана берерин баса белгилеп: «Биз Өзгөчө кырдаалдар комитетин кайра чогултууну пландап жатабыз. 18-июлда же ага чейин комитет кайрадан чогулат»,- деди.



Тектеш кабарлар