Британия Тегерандагы элчисинин орун басарынын камакка алынгандыгы тууралуу кабарды жалганга чыгарды

Министрликтен бир катчы Иран басма сөзүндө орун алган кабар тууралуу Sky Newsка берген билдирүүсүндө : "Иранда бир британиялык дипломаттын камакка алынгандыгына байланыштуу кабарлар толугу менен негизсиз",- деди.

1853080
Британия Тегерандагы элчисинин орун басарынын камакка алынгандыгы тууралуу кабарды жалганга чыгарды

Британия  Тегерандагы элчисинин орун басары Гилс Уитакердин Иранда ракета сыноосу жүргүзүлгөн аймактан топурак үлгүлөрүн алды деген негиз менен   камакка алынганы тууралуу кабардын «негизсиз» экенин жарыялады.

Министрликтен бир катчы Иран басма сөзүндө орун алган кабар тууралуу Sky Newsка берген билдирүүсүндө : "Иранда бир британиялык дипломаттын камакка алынгандыгына байланыштуу кабарлар толугу менен негизсиз",- деди. 

Британиянын Тегерандагы элчиси Симон Шерклиф да Твиттерден маалымат берип, орун басары Гилс Уитакердин Ирандан 8 ай мурда кеткендигин белгилеп, камакка алынды деген кабарлардын чындыкты чагылдырбагандыгын айтты. 

Элчи Шерклиф : "Элчинин орун басарынын азыркы учурда камоодо экендигине байланыштуу кабар абдан кызыктуу. Өзү декабрь айында кызматынын мөөнөтү аяктап Ирандан кеткен",- деди. 

Tasnim маалымат агенттиги Уитакер менен жанындагы бир нече дипломаттын Кирман провинциясындагы  Шахдад чөлүндө ракета сыноолору болгон, тыюу салынган аймактан топурак үлгүлөрүн алгандыгы аныкталып Төңкөрүш Гвардиясы тарабынан камакка алынгандыгын жарыялаган. 

Уитакер ичинде болгондугу айтылган унаанын аймакта Төңкөрүш Гвариясына таандык учкучсуз учуучу аппараттар менен көрүлгөндүгү билдирилген. Көрүнүштөр Иран ммалекеттик телекөрсөтүүсү тарабынан жарыяланып, Уитакердин депортациялана тургандыгы маалымдалган. 

 

 



Тектеш кабарлар