Түркияга F-16лардын сатылышы

Ак үйдүн басма сөз катчысы Карине Жан-Пьер, Түркияга F-16ларды сатууну президент Жо Байдендин колдогонун айтты.

1852372
Түркияга F-16лардын сатылышы

АКШда Ак үйдүн басма сөз катчысы Карине Жан-Пьер, Түркияга F-16ларды сатууну бир нече айдан бери сүйлөшкөндөрүн жана президент Жо Байдендин бул сатууну колдогонун айтты.

Жан-Пьер күнүмдүк маалымат жыйында, Жо Байдендин президент Режеп Таййип Эрдоган менен Испаниянын борбор шаары Мадридде өткөн аптада НАТОнун лидерлеринин саммитинин алкагында жолугушуусунан кийин F-16ны сатууга байланыштуу оң билдирүүлөрү тууралуу бир канча Демократиялык Конгресс мүчөсүнүн сынына баа берди. 

F-16 боюнча сүйлөшүүлөрдүн көптөн бери күн тартибинде экенин белгилеген Жан-Пьер: «Биз F-16 боюнча абдан такпыз. Бул теманы бир нече айдан бери талкуулап жатабыз. Байден бул талапты чындап колдойт. Мындан башка эч кандай жаңы нерсе жок», деди.

Мадриддеги НАТОнун лидерлер саммитинде президент Эрдоган менен жолуккан Байден 30-июндагы маалымат жыйында Түркияга F-16 согуштук учактарын сатуулары керектигин жана бул үчүн АКШ Конгрессинен уруксат ала ала тургандарын айткан болчу.



Тектеш кабарлар