Орусия согуштун созулуп кеткени үчүн Батышты айыптады

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков «Россия 1» телеканалында көрсөтүлгөн программанын коногу болду.

1851657
Орусия согуштун созулуп кеткени үчүн  Батышты айыптады

Орусия Украина менен уланып жаткан согушта кайрадан Батышты айыптады.

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков «Россия 1» телеканалында көрсөтүлгөн программанын коногу болду.

Батыш Украинага согушту узартуу үчүн кысым көрсөтүп жатат деп ырастаган Дмитрий Песков:«Батыштыктар тынчтыкка жана сүйлөшүүлөргө кызыкдар эмес, алар согушту узартууга аракет кылып жатышат»,-деди.

Песков Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) жетекчилиги астында украиндерге тынчтык жөнүндө ойлонууга жана сүйлөшүүгө уруксат берилбегенин айтты.

Батыш лидерлеринин акыркы билдирүүлөрү тууралуу суроого жооп берген Дмитрий Песков:«Азыр кырдаалды жөнгө салуу боюнча демилгелерге суроо-талап азайды. Бирок бизде эртеби-кечпи акыл-эстүүлүк жеңээрине шек санабайбыз. Жана дагы сүйлөшүүгө убакыт келет, бирок ага чейин украиндер дагы бир жолу биздин бардык шарттарды түшүнүшү керек, алар менен макул болуп, отуруп алып, биз көп жагынан макулдашылган документти тактап алышыбыз керек»,-деди.

Орус өкүлү «Европа лидерлери өз өлкөлөрүнүн кызыкчылыгын гана ойлошот» деп билдирди.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган.



Тектеш кабарлар