Даниядагы куралдуу кол салуунун чоо жайы...

Копенгаген полициясынын катчысы Сорен Томассе кол салууда 3 кишинин каза болгонун, 2си Швеция жараны болгон 4 кишинин оор жаракат алганын белгиледи.

1851569
Даниядагы куралдуу кол салуунун чоо жайы...

Даниянын борбор шаары Копенгагендеги соода борборунда кечээ болгон куралдуу кол салууда 3 кишинин каза болгондугу, 4 кишинин оор жаракат алганы билдирилди.

Копенгаген полициясынын катчысы Сорен Томассе кол салууда 3 кишинин каза болгонун, 2си Швеция жараны болгон 4 кишинин оор жаракат алганын белгиледи.

Томассе жеңил жаракат алгандар да көп болгонун айтты.

Шектүүнүн кыска убакытта кармалганын белгилеген Томассе кол салуунун террордук акт эмес экенин баса белгиледи.

Даниянын премьер-министри Метте Фредериксен көңүл айтуу кайрылуусунда: «Жакындарын жоготкондорго терең кайгыруу менен көңүл айтам. Мен даниялыктарды ушул оор учурда бирге болууга жана бири-бирин колдоого үндөгүм келет»,-деп айтты.

Даниянын борбор шаары Копенгагендин Амагер аймагындагы «Field's» соода борборунда кечээ куралдуу кол салуу болуп, окуядан кийин кармалган шектүүнүн 22 жашта жана Дания тектүү экени билдирилди.



Тектеш кабарлар