Данияда куралдуу кол салуудан көп киши каза болду

Копенгаген полициясынын катчысы Сорен Томассе борбор калаанын Амагер районундагы соода борборунда болгон кол салууда көп сандаган кишинин каза болгонун, жаракат алгандардын айрымдарынын абалынын оор экенин айтты.

1851270
Данияда куралдуу кол салуудан көп киши каза болду

Даниянын борбор шаары Копенгагенде соода борборуна  куралдуу кол салуу болуп, көп сандаган киши каза тапканы жана жарадар болгону билдирилди.

Копенгаген полициясынын катчысы Сорен Томассе борбор калаанын Амагер районундагы соода борборунда болгон кол салууда көп сандаган кишинин каза болгонун, жаракат алгандардын айрымдарынын абалынын оор экенин айтты.

Кол салуудан кийин бир шектүүнүн кармалганын белгилеген Томассе бул адамдын 22 жашта жана Дания тектүү экенин белгилеп, террордук кол салуу болушу мүмкүндүгүн жокко чыгарышкан жок.

Полициянын иликтөөлөрүн улантып жатканын билдирген Томассе кол салуучунун жалгыз адам экени айкын болгонго чейин аймакта жогорку деңгээлдеги чаралардын улана турганын белгиледи.



Тектеш кабарлар