Перуда жер көчкү болду

Жетекчилер жер көчкүнүн кесепетинен аймакта 150 үй жер астында калганын кабарлап, адам өмүрү кыйылганы боюнча расмий билдирүү жасай элек.

1850877
Перуда жер көчкү болду

Перунун Чавин де Хуантар аймагында болгон жер көчкүнүн натыйжасында 150 үй жер астында калды.

Чавин-де-Хуантар аймагында кечээ кечинде жер көчкү жүрдү.

Жетекчилер жер көчкүнүн кесепетинен аймакта 150 үй жер астында калганын кабарлап, адам өмүрү кыйылганы боюнча расмий билдирүү жасай элек.

Президент Педро Кастилло жакынкы күндөрдө аймакка бара турганын белгилеген коргоо министри Хосе Луис Гавидиа : "Жер көчкүнүн кесепетинен 150дөй үй жер астында калды. Окуя учурунда бир карыя каза болду деген маалыматтар бар, бирок азырынча аны тастыктай албайбыз", — деди.



Тектеш кабарлар