Макрон Түркияга ыраазычылык билдирди

Эммануэль Макрон Испаниянын борбор шаары Мадридде өткөрүлгөн НАТО саммитинин соңунда маалымат жыйын өткөрдү.

1850467
Макрон Түркияга ыраазычылык билдирди

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Түркиянын Финляндия менен Швециянын НАТОго мүчөлүгүнө байланыштуу альянстагы консенсуска кошулуусуна ыраазы болгонун айтты.

Испаниянын борбор шаары Мадридде өткөрүлгөн НАТО саммитинин соңунда маалымат жыйын өткөргөн Эммануэль Макрон Финляндия жана Швециянын НАТОго мүчөлүгүнө байланыштуу бир нече апта мурда президент Режеп Таййип Эрдоган менен сүйлөшкөнүн айтты.

Макрон: "Түркиянын акыры Швеция менен Финляндиянын эгемендик тандоосунун урматталышын камсыздоо үчүн консенсуска кошулганына кубанычтамын",- деди. 



Тектеш кабарлар