Түркиянын F-16 флотун жаңылоо планы

Уолендер Ак үйдүн стратегиялык байланыш координатору Жон Кирби менен журналисттерге билдирүү жасады.

1849933
Түркиянын F-16 флотун жаңылоо планы

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Коргоо министрлигинин Эл аралык коопсуздук иштери боюнча кеңешчиси Селесте Уолландер, администрациянын Түркиянын F-16 флотун жаңылоо планын колдогонун айтты.

Уолендер Ак үйдүн стратегиялык байланыш координатору Жон Кирбиге жана журналисттерге билдирүү жасады.

Түркиянын жаңы F-16ларды сатып алуу жана учурдагы F-16ларды модернизациялоо талабына баа берген Уолендер: "Америка Кошмо Штаттары Түркиянын F-16 флотун модернизациялоо пландарын толугу менен колдойт»,-деди. 

Уолдер Түркиянын коопсуздугунун НАТОнун коопсуздугу дегенди билдиргенин айтып: "Учурда бул пландардын үстүндө иштеп жатат жана келишим түзүү процесси үчүн иштеш керек, бирок Америка Кошмо Штаттары Түркиянын согуштук учактар ​​флотунун жаңыланышын колдойт, анткени бул НАТОнун коопсуздугуна салым кошот. Түркиянын күчтүү коргонуу жөндөмдүүлүгү НАТОнун күчтүү коргонуусуна салым кошот",-деп маалымдады.



Тектеш кабарлар