Жонсон : "Путин мындан ары дагы көп НАТО көрөт"

Британиянын премьер  -  министри Борис Жонсон Россиянын президенти Владимир Путиндин өлкөсүнүн батыш чек арасында «дагы көп НАТО» көрөрүн айтты.

1849714
Жонсон : "Путин мындан ары дагы көп НАТО көрөт"

Британиянын премьер  -  министри Борис Жонсон Россиянын президенти Владимир Путиндин өлкөсүнүн батыш чек арасында «дагы көп НАТО» көрөрүн айтты.

Жонсон Испаниянын борбор шаары Мадридде болгон НАТО саммитине кирип жатып маалымат берди.

Россиянын Украинага кол салуусунан кийин Путиндин батыш чек араларында дагы аз НАТО  көрүүнү ойлоп жаткандыгын белгилеген Жонсон : «Бирок толугу менен жаңылды. Путин эми дагы көп НАТО көрөт»,- деди.

Мадриддеги НАТО саммитинин бир топ жактан тарыхый мүнөзгө ээ экендигин белгилеген Жонсон : «Финляндия жана Швеция сыяктуу эки жаңы мүчөбүз болот. Бул союздаштыгыбыз үчүн чоң бир кадам»,- деди.

Жонсон саммитте Украинаны көбүрөөк колдоо  чечимин чыгара  тургандарын, НАТОнун баш тарттыруучулугун  жана коргонуусун бекемдей тургандарын белгиледи.

Испаниянын коргоо министри Маргарита Роблес да кечээ саммит өткөрүлгөн IFEMA жарманке аянтындагы  медиа борборунда кол коюлган үч тараптуу меморандум тууралуу сөз кылып : «Түркиянын ветону жоюшун оң кабыл алабыз. Испания Түркияда Патриот ракеталык коргонуу системасын жайгаштырган өлкө. Ар бир өлкөнүн позициясына сый көрсөтөбүз бирок кечээ биримдик билдирүүсүн берүү үчүн чоң аракет жасалды. Мезгил биримдиктүү болуу мезгили»,- деди.

Испания катары Түркия, Финляндия жана Швеция тарабынан көрсөтүлгөн аракеттерге позитивдүү баа беришкендерин баса белгилеген Роблес : «Испания бул келишимдин Мадридде болушунан улам да өзүнчө ыраазычылык билдирет»,- деди.



Тектеш кабарлар