Шри-Ланкада 500дөн ашык туткун качып кетти
Аларды кармоо операциясынын башталганын маалымдашты.
1849856
Шри-Ланкадагы реабилитациялык борбордон 500дөн ашык туткун качып кетти.
Полиция кызматкерлери, баш калаа Коломбодон 250 километр түндүк-чыгышта баңгизат кылмыштары үчүн соттолгондор дарыланып жаткан Кандакаду реабилитациялык борборунан абактагылардын качканын билдиришти.
Жетекчилер, болжол менен 1000 киши дарыланган борбордон качкан 500дөн ашуун туткунду кармоо операциясынын башталганын маалымдашты.
Өлкөдө 300 миңдей адамдын баңгизат менен күрөшүп жатканы кабарланды.