Байден Чоң жетиликтин Орусиядан алтын импортуна тыюу сала турганын билдирди

Байден өзүнүн Твиттердеги баракчасында Москванын Украинадагы согушту каржылоосуна жол бербөө үчүн АКШ Орусиянын президенти Владимир Путиндин алдына болуп көрбөгөндөй чыгымдарды койгонун белгиледи.

1848283
Байден Чоң жетиликтин Орусиядан алтын импортуна тыюу сала турганын билдирди

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден Германиянын Бавария шаарындагы Эльмау сарайында өтө турган Чоң жетиликтин лидерлер саммитинде Орусия-Украина согушунан улам Чоң жетиликтин (G7) Орусиядан алтын импортуна тыюу сала турганын билдирди.

Байден өзүнүн Твиттердеги баракчасында Москванын Украинадагы согушту каржылоосуна жол бербөө үчүн АКШ Орусиянын президенти Владимир Путиндин алдына болуп көрбөгөндөй чыгымдарды койгонун белгиледи.

Байден: «Чоң жетиликте (АКШ, Улуу Британия, Канада, Франция, Германия, Италия жана Жапония) биз Орусия үчүн негизги экспорттук продукт болгон, он миллиарддаган долларлык алтынды импорттоого тыюу сала турганыбызды чогуу жарыялайбыз»,-деп айтты.

Орусия өткөн жылы болжол менен 331 миң тонна алтын өндүрүү менен Кытайдан кийинки экинчи орунда турган.

Алтын Орусиянын энергетикадан кийинки экинчи маанилүү экспорттук продуктусу катары белгилүү.

Глобалдык экономикалык жана саясий маселелерди чечүүдө маанилүү платформалардын бири катары эсептелген Чоң жетиликтин лидерлер саммити Германиянын Бавария шаарындагы Эльмау сарайында өткөрүлөт.

Бүгүн баштала турган саммит 28-июнда аяктайт.

Дүйнөнүн эң чоң 7 экономикасын бириктирген G7 Лидерлер саммити Орусия-Украина согушунан улам глобалдык энергия жана азык-түлүк баалары менен катар «экономикалардагы стагнациянын жана жогорку инфляциянын бир убакта болушу» деп аталган стагфляциянын кооптонууларынын ортосунда өтүп жатат...

Чоң жетиликтин лидерлеринин көңүлү Орусиянын Украинага каршы согушуна жана анын экономикалык кесепеттерине бурулат.



Тектеш кабарлар