Грузияда Европа Биримдигине "талапкер өлкө" статусун ала албагандыгы үчүн митингдер болду

Митингге чыккандар өкмөттү айыптап, премьер  - министр Иракли  Гарибашвилини кызматтан кетүүгө чакырышты.

1848056
Грузияда Европа Биримдигине "талапкер өлкө" статусун ала албагандыгы үчүн митингдер болду

Грузияда Европа Биримдигине "талапкер өлкө" статусун ала албаган өкмөткө каршы нааразычылык акциясы болуп өттү. 

Борбор шаар Тбилисиде нааразычылык акциясына чыккан митингчилер өлкөлөрүнө Европа Биримдиги тарабынан "талапкер өлкө" статусунун берилбешинен улам өкмөттү айыптап, премьер  - министр Иракли  Гарибашвилини кызматтан кетүүгө чакырышты. 

Парламенттин алдында болгон нааразычылык акциясында Грузиянын Европа Биримдигине мүчөлүк процессине колдоо берүү менен бул "ийгиликсиздиктен"өкмөттүн жооптуу экендиги айтылды. 

Саммитте Украина жана Молдовага талапкерлик статусунун берилгендигин эске салган митингчилер, Грузияга Европа перспективасынын сунуш кылынгандыгын жана критерияларга жооп берүү шарты менен кийинчерээк кайрадан каралуу боюнча чечим кабыл алгандыгын айтышты. 

Митингди уюштуруучулардын бири Шота Дигмелашвили Грузияга азырынча Европа Биримдигине талапкер өлкө статусунун берилбегенин, бирок айрым реформаларды ишке ашыруу үчүн өлкөгө 6 айлык мөөнөт берилгенин белгиледи.

Дигмелашвили өкмөттүн бул процессте 12 пункттан турган критерийлерге жооп бериши мүмкүн эмес экенин айтты.

Премьер-министр Гарибашвилини отставкага кетүүгө чакырган Дигмелашвили өкмөткө бир жума убакыт бергендерин жана талаптар аткарылбаса 3-июлдан тарта үзгүлтүксүз митинг өткөрө баштай тургандыктарын билдирди.

Ошол эле учурда  Украинанын президенти Владимир Зеленский Тбилисидеги демонстрацияга видео кайрылуу жасады.

Зеленский  кайрылуусунда  өлкөсүнө Европа Биримдигине  талапкер өлкө статусунун берилгенин жана Грузиянын ошол жолдо баратканын белгилеп :  "Аракет кылгыла биз силерге жардам беребиз. Украина менен Грузия түбөлүк бирге",- деди. 

Украина менен Грузиянын Россияга каршы согушуп жатканын белгилеген Зеленский:

"Биз эч качан багынбайбыз. Абхазия менен Түштүк Осетия -силердин жериңер болгондой эле, Донбасс менен Крым да  биздин жерибиз",- деди.

 



Тектеш кабарлар