БУУ Украинада жер которгондор тууралуу маалымат берди
Россия - Украина согушу башталган 24 - февралдан бери 12 миллиондон ашуун адам жер которду.
Россия - Украина согушу башталган 24 - февралдан бери 12 миллиондон ашуун адам жер которду.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик Нью-Йорктогу штаб-квартирасында күнүмдүк маалымат жыйынында : «Россиянын Украинага кол салганынан бери төрт ай өттү. Бириккен Улуттар Уюмунун Украина кризиси боюнча координатору Амин Авад согуштун 12 миллиондон ашуун украиналыкты жер которушуна себеп болгондугун, туруктуу чечим табуу керектигин айтты",- деди.
БУУнун Украина өкмөтү жана аймактагы 300дөн ашуун жарандык өнөктөшү менен тыгыз кызматташканын белгилеген Дужаррик, негизги темаларда жардам берүү үчүн ушул убакка чейин 9 миллион кишиге жетишилгендигин билдирди.
Дужаррик : "Украинанын чыгыш аймактарында чукул жардамга муктаж болгон жарандарга гуманитардык жардам жеткирүүгө чакырууну улантабыз",- деди.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.