Ооганстанда дагы бир жолу жер титиреди

Жер титирөөнүн күчү 4,3 баллга жетти.

1847203
Ооганстанда дагы бир жолу жер титиреди

Ооганстандын түндүк-чыгышындагы Бадахшан провинциясынын борбору Фейзабад шаарында күчү 4,3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Улуттук сейсмологиялык борбордун маалыматына караганда, кечээки жер титирөөдөн кийин Ооганстандын Фейзабад шаарында күчү 4,3 баллга жеткен жаңы жер титирөө болду.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Геологиялык кызматы (USGS), жер титирөөнүн 220 чакырым тереңдикте катталганын жана анын очогунун Бадахшан провинциясындагы Журм кыштагынын 48 чакырым түштүк-батышы экенин билдирди.

Кечээ Пактика провинциясында болгон 5,9 баллдык жер титирөөдөн 1000ден ашуун адам каза болуп, 1500 адам жаракат алган.

Жетекчилердин билдиришинче, жер титирөөдөн эң көп Пактика провинциясынын Гиян району жана Хост провинциясынын Спирей району зыян тарткан.

Жер титирөөнүн очогунун Ооганстандын чыгышында, Пакистан чек арасында жайгашкан Хост провинциясынан 46 чакырым түштүк-батышта болгону айтылган.



Тектеш кабарлар