Британиядан Орусияга жаңы соода санкциясы

Эл аралык соода министрлигинин сайтында экспорттоочуларга билдирүү жарыяланды.

1847449
Британиядан Орусияга жаңы соода санкциясы

Британия Орусияга ар түрдүү товарларды жана технологиялар менен бирге авиакеросин жана айрым банкноттордун экспортуна байланыштуу жаңы соода санкцияларын киргизди.

Эл аралык соода министрлигинин сайтында экспорттоочуларга жарыяланган билдирүүдө, Орусияга бир катар товарларды жана технологияларды, авиакеросин, күйүүчү май кошулмалары, стерлинг же ЕБ номиналындагы банкнотторду экспорттоого тыюу салуулар камтылды.

Ошондой эле темир жана болот импортуна карата техникалык жардам көрсөтүүгө, каржылык кызматтарга, фонддорго жана ортомчулук кызматтарына жаңы тыюу салуулардын бар экени айтылды.

Тыюу салуулардын айрымдарынын Орусия жана Украина өкмөттөрүнүн көзөмөлдө болбогон аймактарга байланыштуу экени белгиленди.



Тектеш кабарлар