Россия : "Украинада аскердик учактарын атып түшүрдүк"

Украинадагы кол салуулардын уланып жатканын белгилеген Конашенков Украина армиясынын олуттуу жоготууга учураганын айтты.

1846920
Россия : "Украинада аскердик учактарын атып түшүрдүк"

Россиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков Николаев облусунда Су-25, Днепр облусунда Миг-29 согуштук учактарын атып түшүрүшкөнүн билдирди.

Конашенков орус аскердик бөлүктөрүнүн Украинадагы согуштагы аракеттери тууралуу маалымат берди.  

Украинадагы кол салуулардын уланып жатканын белгилеген Конашенков, Украина армиясынын олуттуу жоготууга учураганын айтты.

Россиянын авиация  жана космостук күчтөрүнүн кечээ жогорку тактыктагы  ракеталар менен Украина куралдуу күчтөрүнүн Николаевдеги «Океан» кеме куруучу заводуна жайгаштырылган 59-механикалаштырылган бригадасынын 500гө жакын аскерин аскердик техникалык унаалар жана курал-жарактары менен бирге атылгандыгын билдирген Конашенков Лугансктын Горсоке, Подлесное, Врубовка конуштарын коргогон 57-мотоаткычтар бригадасынын бөлүктөрүнүн 60 пайызы зыянсыздандырылып, буйрукту орундатпагандыгын жана турган жерлерин таштап кетишкендерин белгиледи. 

Конашенков Донецк облусунда Николаевкага жакын жерде 14- жана 24-механикалаштырылган бригадалардан 30 жарадар аскер менен 8 америкалык жана британиялык жалданма аскерлердин сөөгү аймактан чыгарылгандыгын айтты. 

Конашенков орус аба күчтөрүнүн аскердик тактикалык бөлүктөрүнүн бир күндүн ичинде Донецк аймагында Сидорово, Верхняя Каменка жана Суми аймагында Мариуполь  жакындарында 5 ок   - дары кампасы, Курахово жакындарында бир Бук-М1 абадан коргонуу ракеталык системасы менен 151 аскердик аянттын жок кылгандыгын маалымдады. 

Ракета жана артиллериялык бөлүктөрдүн Луганск аймагындагы Лисичанск, Верхнекаменка, Мирная Долина, Лоскутовка жана Подлесное аймактарында 253 аскердик аймак менен 6 арсеналга сокку урганына көңүл бурган Конашенков, ар башка аймактарда 13 көп стволдуу ракета аткычтардын да  жок кылынганын айтты.

Конашенков Донецк аймагындагы Никольское шаарына жакын жерде Америкада жасалган AN-TPQ радар системасына сокку урулганын, кол салуулардын натыйжасында 620га жакын украин улутчул күчтөрүнүн жок кылынганын айтты.

Орус абадан коргонуу системаларынын Украина аба күчтөрүнө таандык Су-25 согуштук учагын Николайев аймагындагы Бармашевого жакын жерде жана Днепр аймагындагы Апостолово жакындарында Миг-29 учагын атып түшүргөнүн белгилеген Конашенков, Жылан аралы менен түрдүү аймактарда 16 Украина учкучсуз учуучу аппаратынын атылгандыгын билдирди. 

Конашенков : "Ушул күнгө чейин Украинага таандык  211 учак, 132 тик учак, 1308 учкучсуз учуучу аппарат, 349 абадан коргонуу ракеталык системасы, 3 миң 733 танк жана бронетранспортер, 594 көп стволдуу ракета аткычтар, 2 миң 81 гаубица жана минометтор, 3 миң 801 атайын аскердик техникалар жок кылынды",- деди. 

 

 



Тектеш кабарлар