Израилде депутаттар парламентти таркатуу мыйзам долбоорун бекитишти

Добуш берүүдө 110 депутат парламенттин таркатылышы тууралуу добуш берип, каршы добуш бергендер болгон жок.

1846895
Израилде депутаттар  парламентти таркатуу мыйзам долбоорун бекитишти

Израилдик депутаттар  октябрь айында мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү үчүн парламентти таркатууну камтыган мыйзам долбоорун бүгүн болгон даярдык сессиясында бекитишти. 

Добуш берүүдө 110 депутат парламенттин таркатылышы тууралуу добуш берип, каршы добуш бергендер болгон жок. 

Израиль коомдук  телерадиоберүү корпорациясы KAN үч сессияда бекитиле турган парламентти таркатууга байланыштуу процедуралардын дүйшөмбү күнү (27-июнь) бүтүшү күтүлгөнүн билдирди.

Израилде коалиция өкмөтүнүн өнөктөштөрүнөн премьер  - министр Нафтали Беннет жана тышкы иштер министри Яир Лапид 20-июнь күнү кечинде парламентти таратуу менен мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыялоо чечимине келишкенин жарыялады.

Чечимдин келерки жуманын башындагы парламент отурумдарында бекитилишинен кийин Израиль 3,5 жылдын ичинде бешинчи жолу жалпы шайлоо өткөргөн болот. 

Коалиция өнөктөштөрүнүн макулдашуусуна ылайык, мөөнөтүнөн мурда шайлоого чейин тышкы иштер министри Яир Лапид убактылуу өкмөт башчы болот.

 



Тектеш кабарлар