Бангладеште сел: 36 адам каза болду

Селден жапа чеккен аймактарда гуманитардык кризис да жарала баштады.

1846742
Бангладеште сел: 36 адам каза болду

Бангладеште деңиз деңгээлине жакын аймактардагы катуу жамгырдын себебинен болгон селден 36 киши каза тапты.

Саламаттыкты сактоо кызматтарынын Башкы директорлугунун маалыматына караганда, селдерден түндүк-чыгыш Силхет аймагында 18, түндүк жана борбордук Мименсинх аймагында 15, түндүк Рангпур аймагында 3 киши каза болду.

Аталган аймактарда акыркы үч күндө уланган селдерден улам 3000ден ашуун адам кир сууларга байланыштуу ар кандай ооруларга чалдыгышты.

Селден жапа чеккен аймактарда гуманитардык кризис да жарала баштады.

Тамак-аш жана ичүүчү сууну таратууга армия, деңиз флоту жана аба күчтөрүнүн мүчөлөрү катышты.

Силхет аймагында эле 56 миң гектардык талаага зыян келтирген селден башка аймактардын да айыл-чарбасы жапа чекти.

Сел авто жана темир жолдорго да олуттуу зыян келтирди.



Тектеш кабарлар