АКШ Украинада дагы бир жаранынын каза болгонун ырастады

Жетекчилер, АКШ жарандарын 24-февралдан бери Орусия менен согушуп жаткан Украинага барбоого чакырышты.

1846685
АКШ Украинада дагы бир жаранынын каза болгонун ырастады

АКШ Украинада дагы бир жаранынын каза болгонун ырастады.

АКШнын Мамлекеттик департаментинен аты-жөнүн билдирбеген жогорку даражалуу жетекчилер, журналисттер менен телеконференция өткөрүштү.

Өлгөн киши тууралуу кеңири маалымат берүүнү каалабаган жетекчилер, Стивен Забиелский аттуу АКШ жаранынын Украинада каза болгонун тастыкташты.

Забиелскийдин үй-бүлөсү менен байланышта экендиктерин белгилеген жетекчилер, АКШ жарандарын 24-февралдан бери Орусия менен согушуп жаткан Украинага барбоого чакырышты.

Жетекчилер өлгөн киши боюнча орус өкмөтү менен да сүйлөшкөндөрүн билдиришти.

Бир тараптан Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык байланыш координатору Жон Кирби болсо, Орусиянын Украинада согушуп жаткан АКШ жарандарынын Женева келишиминин коргоосунда эместиги жана бул кишилердин өлүм жазасына тартылышы мүмкүн экени жөнүндөгү билдирүүлөрүнө каршылык көрсөттү.

Кирби: «Орусиядагы бир мамлекеттик кызматкердин Украинадагы америкалык жарандарга өлүм жазасын киргизүүнү сунуш кылганы коркунучтуу»,- деп сереп салды.



Тектеш кабарлар