Малиде террордук кол салуу болду

Малиде 2013 -  жылдан бери жайгаштырылган чет элдик аскердик миссияларга карабастан террордук уюмдар кол салууларын улантууда.

1846033
Малиде террордук кол салуу болду

Ишемби күнү кечинде Малинин ички аймактарындагы айылдарга жасалган террордук кол салууларда 132 жарандын каза болгондугу билдирилди. 
Өкмөттөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Банкасс районуна караштуу Дианвели, Диаллассагоу жана Дегуссагоу айылдарына 18 -  июнь күнү Магрип Ал Каидасына караштуу Катиба Мажина террордук уюму тарабынан кол салуу болгондугу маалымдалды. Кол салууда 132 жарандын каза болгондугу билдирилип, каза болгондордун үй  - бүлөлөрүнө көңүл айтылды. 

Маалыматта өкмөттүн бул кол салууну катуу айыптагандыгы жана жооптуулардын кармалышы үчүн аракет кылынгандыгы баса белгиленди. Өлкөдө 3 күндүк улуттук аза күтүү жарыяланды. 

Сахел аймагында "3 өлкөнүн чек арасы" деп билинген Буркина  -  Фасо, Мали жана Нигер акыркы жылдарда террордук уюм Аль Каидага караштуу топтор менен ДЕАШтын кол салууларына учуроодо. 

Малиде 2013 -  жылдан бери жайгаштырылган чет элдик аскердик миссияларга карабастан террордук уюмдар кол салууларын улантууда. 

 



Тектеш кабарлар