Конашенков украин армиясы Кара деңиздеги Жылан аралын алуу үчүн операция жүргүзгөнүн билдирди

Конашенков орус армиясынын Украинадагы согуштагы аракеттерине байланыштуу билдирүүсүндө Жылан аралындагы кагылышуулар тууралуу маалымат берди.

1846464
Конашенков украин армиясы Кара деңиздеги Жылан аралын алуу үчүн операция жүргүзгөнүн билдирди

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков украин армиясы Кара деңиздеги Жылан аралын алуу үчүн операциясын жүргүзгөнүн, бирок орус армиясы чабуулдун мизин майтарганын билдирди.

Конашенков орус армиясынын Украинадагы согуштагы аракеттерине байланыштуу билдирүүсүндө Жылан аралындагы кагылышуулар тууралуу маалымат берди.

Киев башкаруучулугунун кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат 05.00 чамасында Жылан аралын орус аскерлеринен алуу аракетин жасаганын белгилеген Конашенков, Украина армиясынын аралды абадан жана артиллериялык чабуулдарды жасап, андан соң аскерлерин киргизүү менен алуу операциясын пландаганын айтты.

Орус армиясынын Украинанын аралга жасаган кол салууларынын мизин майтарганын түшүндүргөн Конашенков, андан кийин украин аскер бөлүктөрүнүн аралга кирүүдөн баш тартканын белгиледи.

Бул аракеттен кийин Украинанын Кара деңиздин түндүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан Орусиянын жаратылыш газ өндүрүш инфраструктурасына кол салганын белгилеген Конашенков, Крым-1 жана БК-1 жаратылыш газ өндүрүү платформаларынын жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дөн кийин урулганын билдирди.

Конашенков кол салуудан кийин БК-1 платформасында өрт чыкканы тууралуу маалымат бөлүштү.

Украинадагы аскердик объектилерге сокку урууларын уланткандарын белгилеген Конашенков, Украина аба күчтөрүнө таандык Су-25 учагын Харьков аймагындагы Мазановка отурукташуу жеринин жанында атып түшүрүшкөндөрүн айтты.

Конашенков:«Ушул убакка дейре Украинага таандык 209 учак, 132 тик учак, 1292 учкучсуз учуучу аппарат, 348 абадан коргонуу ракеталык системасы, 3709 танк жана бронетехника, 580 көп стволдуу ракета аткычтар, 2065 гаубицалар жана минометтор, 3760 жеке менчик аскердик техникалар талкаланды»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар