Израиль күчтөрү палестиналык 3 балыкчыны жаралады
Израиль 2 миллионго жакын палестиналык жашаган Газа тилкесин 2006 - жылдан бери кургактык, деңиз жана абадан блокадага алууда.
1844493
Израиль аскерлери Газа жакындарында балык уулаганы чыккан палестиналык 3 балыкчыны атып жаралады. Газадагы Айыл - чарба комитети биримдигине караштуу балыкчылар комитетинин жооптуусу Зекерия Бекр бул тууралуу басма сөзгө маалымат берди.
Бекр Израиль күчтөрүнүн Газа жакындарында балык уулаган 3 балыкчыны пластикалык ок менен атып жаралагандыгын, жаралуулардын ооруканага алып барылгандыгын айтты. Израиль армиясынан бул тууралуу маалымат берилген жок.
Палестиналык балыкчылар профсоюзунун маалыматына караганда Газада 4 миңге жакын киши балыкчылык менен күн көрүүдө.
Израиль 2 миллионго жакын палестиналык жашаган Газа тилкесин 2006 - жылдан бери кургактык, деңиз жана абадан блокадага алууда.