Германиянын, Франциянын, Румыниянын жана Италиянын жетекчилери Киевде

Эртең менен борбор калаа Киевге жеткен 4 лидер Орусия менен Украинанын ортосунда 24-февралдан бери уланып жаткан согуштун алгачкы күндөрүндө кол салууга дуушар болгон борбор калаа Киев аймагында жайгашкан Ирпинде кыйроону көрүштү.

1844552
Германиянын, Франциянын, Румыниянын жана Италиянын жетекчилери Киевде

Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Румыниянын президенти Клаус Вернер Иоханнис, Германиянын канцлери Олаф Шольц жана Италиянын премьер-министри Марио Драги Украинанын Ирпин шаарына барышты.

Эртең менен борбор калаа Киевге жеткен 4 лидер Орусия менен Украинанын ортосунда 24-февралдан бери уланып жаткан согуштун алгачкы күндөрүндө кол салууга дуушар болгон борбор калаа Киев аймагында жайгашкан Ирпинде кыйроону көрүштү.

Визиттин жүрүшүндө европалык лидерлерди Украинанын коомчулук жана аймактык өнүктүрүү министри Алексей Чернышов коштоп жүрдү.

Германиянын канцлери Шольц бул жерде жасаган билдирүүсүндө, согуш Украинада «коркунучтуу» кыйроолорго алып келгенин белгилеп: «Мунун баары Орусиянын баарын жок кылууну көздөгөн агрессивдүү согушун көрсөтүп турат. Чечимдерди кабыл алууда буларды эстен чыгарбашыбыз керек»,-деди.

Олаф Шольц Орусиянын Украинага каршы согушун токтотуу керектигин белгиледи.

Шольц Киевге болгон сапары тууралуу Твиттерде бөлүштү.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Италиянын премьер-министри Марио Драги жана Румыниянын президенти Клаус Вернер Иоханнис менен Киевге жакын Ирпин шаарына барган Шольц Ирпин көптөн бери Буча сыяктуу орус согушунун ойго келбеген ырайымсыздыгынын жана маанисиз зордук-зомбулуктун символуна айланганын белгиледи.

Шольц: «Бул шаардагы ырайымсыз кыйроолор эстеликтей. Бул согуш бүтүшү керек»,-деп жазды.

Ирпинде немис басма сөзүнө да билдирүү жасаган Шольц, бул жерде күнөөсүз адамдардын жабыр тартканына, үйлөрдүн уратылганына көңүл буруп: «Эч кандай аскердик инфраструктурасы жок бүтүндөй бир шаар талкаланды»,-деди.

Мунун болсо Орусия баштаган согуштун ырайымсыздыгын көрсөткөнүн белгилеген Шольц: «Биз бардык чечимибизде муну эсибизден чыгарбашыбыз керек. Бул коркунучтуу согуш жана Орусия бул согушту адам өмүрүн эске албай, өтө мыкаачылык менен жүргүзүп жатат»,-деп өз баасын берди.

Шольц жасаган бардык иш-аракеттери, мобилизациялаган бардык жардамдар жана санкциялар муну токтотуу үчүн жасалганын белгиледи.

Макрон болсо Француз басма сөзүнө жасаган билдирүүсүндө Ирпин шаарынын талкаланганын жана «варварчылыктын изин» алып жүргөнүн айтты.

4 лидер Украинанын президенти Владимир Зеленский менен борбор калаа Киевде да жолугушту.

Жолугушууда азык-түлүк коопсуздугу, курал-жарак жана Украинага колдоо көрсөтүү сыяктуу маселелер талкууланды.



Тектеш кабарлар