Черногория менен Албаниянын премьер - министрлери Украинада жолугушууларды өткөрүштү

Абазович менен Рама Украинанын борбору Киевде президент Владимир Зеленский менен жолугушту.

1844202
Черногория менен Албаниянын премьер  - министрлери Украинада жолугушууларды өткөрүштү

Черногория менен Албаниянын премьер-министрлери Дритан Абазович менен Эди Рама Украинанын Европа Биримдигине мүчөлүгүн толук колдой тургандыктарын билдиришти.

Абазович менен Рама Украинанын борбору Киевде президент Владимир Зеленский менен жолугушту.

Биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөгөн Абазович Украинанын Европа Биримдигине мүчөлүк процессин колдой тургандыгын, өлкөсүнүн аскердик жана финансылык колдоо көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Черногориянын  премьер  - министри өлкөсүндө 10 миң украиналык  мигранттын бар экендигин айтты.

Рама да «келечеги Европа Биримдигинде экендигин» белгилеген Украинанын талапкер статусун алышын каалагандарын айтты.

Зеленский болсо Черногория менен Албанияга өлкөсүн колдогону үчүн ыраазычылык билдирди.

Черногория менен Албаниянын премьер  - министрлери украиналык кесиптештери Денис Шмигал менен да жолугушту.

Эки премьер  - министр  Россиянын 24 -  февралда  Украинага согуш баштагандан бери катуу кагылышуулар болгон  Ирпин менен Бородянкага да барышты.



Тектеш кабарлар